Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Министр байланышта” өнөктүгүнүн алкагында бүгүн, 26-январда коомчулуктун суроолоруна жооп берет. Вице-премьер-министрдин тармакта аткарылган иштер тууралуу баяндамасы алгач мамлекеттик радионун түз эфиринде уктурулат. Андан соң журналисттер үчүн өкмөт үйүндө маалымат жыйыны өтөт.
Ошондой эле Маматалиев бүгүн “Ак-Жол" чек ара бекетине, Чүйдүн Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына, ИИМдин алдындагы өспүрүмдөрү адаптациялоо борборуна барып, ал жерлердеги жумуштун жүрүшү менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (SE)