Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 15:29

Египеттеги кагылышта өлгөндөрдүн саны өсүүдө


Египеттеги демонстрация катышуучулары жарадар болгон адамды көтөрүп баратышат.

Египетте 25-январь күнү 2011-жылкы көтөрүлүштүн төрт жылдыгын белгилөө маалында нааразылыктар чыгып, ондон ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Мерт кеткендер айрым булактарда 12, кээ бир маалымат каражаттарында 18 адам экени кабарланууда.

Ички иштер министри Каирдин түндүгүндөгү райондо бир полиция кызматкерине ок тийгенин, ал болсо бир нече демонстрантты атып салганын билдирди. Азырынча окко тийген полиция кызматкери өлгөндөрдүн катарында санакка кирдиби же жокпу белгисиз.

Каирдин борборунда төрт жыл мурунку революциянын бешиги болгон Тахрир аянтына жүрүш жасайбыз деген жүздөгөн адамдарды полиция күч менен таркатты. Эки согушкер бомба коюп жатканда жарылып, андан өздөрү да жан берди.

Египетте исламчыл маанайдагылар президент Абдел-Фаттах Сисинин башкаруусуна оппозиция болуп келишет.

XS
SM
MD
LG