Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Токтогулда электр баасына каршы митинг өттү


Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 300дөй киши митингге чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун тургуну, “Апрель революциясынын баатыры” Кадыралы Кожокеев билдирди. Анын айтымында, чогулгандар электр энергиясына тарифтин жогорулоосуна каршы экенин жана нарындыктардын ушул багыттагы талабын колдой тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле өкмөттөн райондогу атайын фондго жыл сайын берилүүчү 43 млн. сомдун дареги жоктугун айтышып, аны жетектегендердин жоопкерчилиги каралсын деген талап коюшту.

Митингдин катышуучулары менен район акими Токтосун Барманов жолугушуп, талаптарын өкмөткө жеткирерин билдирди. Мындан соң алар 5-февралга чейин өкмөт мүчөлөрү келип түшүндүрүүсүн талап кылышып тарап кетишти. (RsK)

XS
SM
MD
LG