Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Кыргызстанда спорт телеканалы ачылат


Кыргызстан жана Орусиянын футбол боюнча жаштар курамалары Шериктештик кубогунун оюндарында. 19-январь, 2015-ж. Санкт-Петербург
Кыргызстан жана Орусиянын футбол боюнча жаштар курамалары Шериктештик кубогунун оюндарында. 19-январь, 2015-ж. Санкт-Петербург

"КТРК Cпорт" деп аталган телеканалдын эфирдик торчосу даярдалып, каналды ачууга аракеттер көрүлүүдө. Аталган канал Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн кийин социалдык пакетке киргизилип калса, беш айдын ичинде толук иштеп калат.

Узаган жуманын аягында Кыргызстанда ачыла турган алгачкы спорттук телеканалдын эфирдик торчосу тааныштырылды. Улуттук Олимпиада комитетинде өткөн иш-чарада Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты жаңы ачылып жаткан спорт канал жана анда кандай программалар көрсөтүлөөрү тууралуу маалымат беришти.

КТРК Спорт каналынын бир күндүк эфирдик торчосунун долбоору.
КТРК Спорт каналынын бир күндүк эфирдик торчосунун долбоору.

Маалыматка караганда КТРКнын спорт каналы программаларын эртең мененки саат 7ден түнкү саат 12ге чейин көрсөтөт. Телеканалдын берүүлөр торчосун дүйнөлүк жана ошондой эле өлкөдө болуп жаткан чемпионаттар, олимпиадалар, спорт таймаштары, продакшн-студиялардын атайын берүүлөрү жана КТРК тарабынан даярдалган спорттук программалар жана архивдик материалдар түзөт.

Азырынча телеканалга тиешелүү техникалык база жок. Эмгек жамаатында канча адам иштей турганы да азырынча белгисиз. КТРКнын Республикалык телерадио борборунун директору Бактияр Алиев каналдын студиясына керектүү техникалар жакынкы убакыттан тарта сатылып алына тургандыгын билдирди.

- Телеканалды ачуу үчүн өкмөт тарабынан каражат бөлүнгөн. Бюджеттин эсебине кошулган. Буюрса бир айга жакын убакытта техниканы кайсы компания аркылуу алып келерибиз белгилүү болсо, жакынкы үч айда студиянын техникаларын орното баштайбыз.

Бул каналдын негизги максаты - спорт дүйнөсүндө болуп жаткан жаңылыктарды чагылдыруу, улуттук спорт оюндарын жайылтуу, дегеле Кыргызстанда спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Султан Жумагулов спорт канал санариптик форматтагы социалдык пакетке кирсе, жарым жыл ичинде иштеп башташы мүмкүн экендигин айтты.

- Өкмөттүн алдын ала берген убадасы бар. Эгер КТРК спорт каналы социалдык пакетке кирип калса, 17-июнда иштеп баштайт. Эмгек жамаатыбыз да ага чейин көрсөтүүлөрдү тартып, программалары даяр болсо, эфирге чыгуу үчүн аракет көрүшөт.

Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев (оңдо) Азия оюндарында. Инчхон, 28-сентябрь 2014-ж.
Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев (оңдо) Азия оюндарында. Инчхон, 28-сентябрь 2014-ж.

Алгачкы спорттук каналдын ачылышын спорт коомчулугу да кызуу колдоого алууда. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов телеканалдын ачылышы Кыргызстандын элин дени сак жашоого үндөөгө өбөлгө болоорун белгилейт.

- Тиешелүү адистер менен тыгыз кызматташууга шарт түзөбүз. Бул спорт каналдын келечеги кең. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын элинин 30-40 пайызга жакынын 30 жашка чейинки жаштар түзөт экен. Алар дени сак болуш үчүн спортко жакын болушу керек. Жаштарды спортко тартуу биздин негизги милдетибиз. Андыктан бул телеканал менен бирге иштешүү натыйжалуу болот.

Спорт телеканалы иштеп калгандан кийин адистердин чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келүүсүнө Улуттук Олимпиада комитети колдоо көрсөтөөрүн убада кылууда. Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов:

- Эл аралык Олимпиада комитетинин олимпиадалык тилектештик программасында медиа система боюнча долбоорлор бар. Буга чейин демилгелерди сунуштагыла деп спорттук журналисттерге, телеканалдарга кайрылганыбызда сунуштар келген эмес. Эми бул каналдын ачылышы менен Олимпиада комитетинин колдоосунда долбоорлорду ишке ашырууга мезгил келип жетти. КТРК менен биргеликте долбоор жазып, адистердин эл аралык мелдештерди мыкты чагылдырып жүргөн телеканалдардан тажрыйба алуусун колго алабыз.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактар санарип телеберүүгө 2015-жылдын 17-июнуна чейин өтүшү керек. Калган аймактар баскыч-баскыч боюнча жыл соңуна чейин санарипке өткөрүлөт. Кыргызстанда санариптик берүүгө өтүү үчүн социалдык пакетке кирген телеканалдарга өкмөт тарабынан ар бирине 10 млн. сомдон бөлүү каралган.

Спорт каналдан сырткары учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын карамагында Маданият, Баластан, Музыка жана Коомдук биринчи канал аталышындагы телеканалдар иштеп келет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG