Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Баскетбол жандана баштады


Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган эл аралык мелдеш. 19-декабрь, 2014-ж. Бишкек.
Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган эл аралык мелдеш. 19-декабрь, 2014-ж. Бишкек.

Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага Кыргызстан жана Өзбекстандан төрт команда катышууда. Оюндар 21-декабрь күнү белгилене турган бүткүл дүйнөлүк баскетбол күнүндө жыйынтыкталат.

Аман Абдыкерим Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде төртүнчү курста окуйт. Ал беш жылдан бери баскетбол менен ойноп, улуттук кураманын катарында оюндарга чыгып жүргөн. Учурда окуудан сырткары Чүй облусунун баскетбол боюнча курамасынын намысын талашып жүрөт.

- Боюм узун болгондуктан 9-класста окуган кезде ойноп баштагам. Аракетим текке кеткен жок. Улуттук курамада ойногонго жетиштим. Учурда университетте окуудан сырткары ойноп жүрөм. Бул спорт менен машыкканы көп пайда таптым. Тамеки чекпей, арак ичпей, жаман адаттардан оолак болуп дени сак жашоого аракет кылып жүрөм. Мен окуган университетте спортчуларды жакшы колдошот. Окуу менен спортту бирге алып кетүүгө жакшы шарттар бар.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган баскетбол боюнча эл аралык мелдеш Бишкекте 19-декабрда башталган. Ага Кыргызстандын жаштар курамасы, Ысык-Көл менен Чүй облусунун командалары жана ошондой эле Өзбекстандын Ташкент шаарынан келген Университет командасы катышууда. Оюндар Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин спорттук залында өтүүдө.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган эл аралык мелдештин катышуучулары. 19-декабрь, 2014-ж. Бишкек.
Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган эл аралык мелдештин катышуучулары. 19-декабрь, 2014-ж. Бишкек.

Кыргызстандын баскетбол боюнча улуттук курамасын узак жылдар бою жетектеп келген, убагында бир катар спорт чеберлерин даярдаган эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган эл аралык мелдеш быйыл экинчи жолу өткөрүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун баскетбол боюнча курама командасы бул мелдешке быйыл алгачкы жолу катышты. Машыктыруучусу Шерик Даутов шакирттеринин бул мелдешке катышканы чоң жетишкендик болду дейт. Анын айтымында, өз аймагынан сыртка чыкпаган оюнчулардын мыкты оюнчулар менен беттешүүсү тажрыйба топтоого өбөлгө түзүүдө.

- Биз буга чейин мындай эл аралык мелдештерге катышкан эмеспиз. Бизге каражат бөлүнбөйт. Быйыл федерация оюнчулар үчүн каражат бөлүп берип, бизге жакшы шарт түздү. Ушундай деңгээли бийик беттештерге катышып, оюнчулар тажрыйба топтосо болот. Мен машыктыруучу катары акыркы жылдары эл аралык беттештерди көрбөй калгам.

Быйыл баскетболдун Кыргызстанда ойноло баштаганына 85 жыл толду. Ошол убакыттан бери өлкөдө дүйнөгө атагы чыккан бир нече спорт жылдыздары тарбияланган. Алар СССРдин, Европанын жана Олимпиаданын байге ээлери болуп, дүйнөдөгү мыкты оюнчулардын арасында өз ордун татыктуу ээлеп келишкен.

Алардын арасында 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиаданын чемпиону болгон фрунзелик Елена Баранова да бар. Ал алгач СССРдин, КМШнын курамында ойноп, Орусиянын жарандыгын алгандан кийин эки жолу Европанын чемпиону болуп, эки жолу дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесин тагынган мыкты баскетболчу айымдардын бири.

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин каржылык муктаждыктын айынан баскетбол менен машыккандардын катары азайып, оюнчулар эл аралык мелдештерге көп чыга албай келишет. Бирок ошондой болсо да аз команданын катышуусунда өлкө ичинде ар кандай жаш куракта Кыргызстандын чемпионаты, Нооруз, Кубат Карабековдун элесине арналган мелдеш өңдүү бир катар эл аралык турнирлер өткөрүлүп турат. Кыргызстандын баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев баскетбол жаатында иш кайрадан жандана баштаганын "Азаттыкка" маалымдады.

- Кыргызстанда баскетбол кайрадан жанданып баратат деп айтсак болот. Ушул жылы Баскетбол федерациясында жетекчилик алмашып, жаңы тартипте иштер жасала баштады. Октябрь айында 18 жашка чейинки кыздар курамабыз Азия чемпиондугуна катышып келишти. Биз бул мелдешке 18 жылдан бери катыша элек болчубуз. Чоңдор арасында жана мектеп окуучулар арасында да эл аралык мелдештерге катышуу үчүн аракеттер жасалууда. Аймактарда дагы баскетболду өнүктүрүү планыбызда бар. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2015-жылдан баштап массалык спортко арналган 10го жакын спорттук мектептерди ачууну көздөп жатат. Буюрса ал мектептер ачылса, волейбол, баскетбол өңдүү көп адам ойногон спорттун түрлөрүнүн жанданышына шарт түзүлмөк.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган баскетбол боюнча эл аралык мелдеш 21-декабрга чейин уланат. Бул күнгө чейин мелдешке катышкан төрт команда айлампа тартибинде бири - бири менен ойноп, упай эсеби менен алдыга чыккан эки жаат биринчи орун үчүн байге талашууга түшөт. Белгилей кетсек, 21-декабрда дүйнө элдери баскетболдун эл аралык күнүн белгилешет. Кыргызстандын Баскетбол федерациясы дагы бул күндүн урматына, 22-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, кыргызстандык баскетболчулардын катышуусунда майрамдык салтанат өткөрүүгө камданууда. Иш-чара саат 17:00до башталат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG