Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Иран аялдары футболду ачык көргүсү келет


Иран -- Футбол мелдешин эркектерден бөлүнүп, өз алдынча көрүп аткан аялдардын тобу. Тегеран, 10-октябрь, 2008.
Иран -- Футбол мелдешин эркектерден бөлүнүп, өз алдынча көрүп аткан аялдардын тобу. Тегеран, 10-октябрь, 2008.

Ирандагы спорт ышкыбоздору Бразилиядагы дүйнө чемпионатында ойноп жаткан өз футболчуларын колдоп, ушул күндөрү Тегеранда волейбол боюнча өтүп жаткан эл аралык мелдешке абдан кызыгышууда. Ошол эле маалда ирандык аялдар көпчүлүктөй стадиондорго барып, сүйүктүү командаларын кыйкырып сүрөй алышпайт.

Учурда Тегерандын “Азади” стадионунда өтүп жаткан волейбол боюнча эл аралык мелдешке кирүүнү каалаган кыз-келиндерге полиция “стадионго кирүүгө болбостугун” дагы бир жолу эскертти.

Ирандык аялдар бийликтин мындай чектөөсүнө каршылык билдирип, чакан жайларда чогулуп алып оюндарды көрүшүп, ал тургай көчөгө чыгып Ирандын футболчулары Аргентинадан утулуп калса дагы өз спортчуларынын дүйнөлүк мелдешке катышканын майрамдашты.

Ал арада 20-июнда стадиондо өтүп жаткан Иран менен Италиянын волейболчуларынын беттешүүсүн ирандык эркектер менен чет элдик аялдар суктанып көрүп жаткан маалда, көчөдө полиция нааразылыка чыккан кыз-келиндер менен кармашып жатты.

Аялдар спорттук таймаштарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатышканына нааразы болуп көчөгө чыгышкан. Алар “Стадион - бардыгы үчүн”, “Аялдардын орду кайда?” деген жазууларды көтөрүп алышкан. Ошондой эле акциянын катышуучулары стадионго чет элдик аялдардын гана киришине уруксат берилгенине кыжырданышууда. Нааразылыкка чыккандарды полиция таркатып, бир журналист камака алынды. Анткен менен нааразылыкка чыккандар Ирандагы гендердик теңсиздикти көрсөтүп калууга жетишкендей.

Ошол эле күнү Ирандын полиция башчысы Исмаил Ахмади Могадам “азыркы учурда аялдар менен эркектерди аралаштырган коомчулуктун кызыкчылыгына туура келбестигин” билдирди.

Ал арада депутат Фатиме Алия аялдар спорт мелдештерин көргөндөн көрө бала багып, күйөөлөрүн карап үйдө отурушу керек деп эсептейт:

- Миңдеген адамдар чогулган жерге аялдар барып эмне кылат. Бул коомчулукта аялдардын аброюн түшүрүп, зордук-зомбулуктун күчөшүнө алып келет, - дейт депутат айым.

Улутчулдар “спорттук оюндар учурунда эркектер сөгүнүп-сагынып жиберээрин, оюнчулар болсо чолок шымдарды кийип жүрүшкөнүнөн улам аялдарга тыюу салынган” деп билдиришет.

Дагы бир мыйзам чыгаруучу Сакине Омрани paymano.com агенттигине билдиргендей: "Спорттук мелдештерде эркектер жарым-жартылай жылаңач болуп кийинишет, андыктан аялдар спортту үйдө эле көрсө болот".

Улутчулдарга каршылар аялдардын стадиондорго келгени спорттук мелдештердердеги жалпы атмосферанын жакшырышына өбөлгө түзүп, “эркектер аялардын көзүнчө өзүлөрүн жакшы алып жүрүшмөк” деп ишенишет. Алардын арасында мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад дагы бар. Ал 2006-жылы Ирандын дене тарбия агенттигине аялдардын спорттук иш-чараларга катышуусуна уруксат берүүсүн өтүнүп атайын кат жөнөткөн.

Ирандын полиция башчысы 2006-жылдагы Ахмединижаддын өтүнүчү ыйык имамдардын осуяттарына каршы келээрин айтып, “Имамдардын айтканы талашсыз, биз мыйзамды сыйлап, аялдардын стадиондорго кирүүсүнө уруксат бере албайбыз”, - деп билдирген.

Белгилүү журналист Жила Бениягуб бул чектөөнү сындап, “Фейсбуктагы” баракчасына “Ислам өлкөсү кайрадан аялдардын укугу боюнча алган жоопкерчилигин бузду” деп жазды.

Чет жакта жүргөн ирандык активисттер өлкөдө болуп жаткан мындай окуялар эл аралык коомчулукка чыгыш үчүн бардык аракеттерди көрүшүүдө. Алардын бири Лейла Моури. Ал 1990-жылдары өткөн “Ак жоолуктар” акциясына катышкан. “Ак жоолуктар” күрөшүп жатып, 2006-жылкы спорттук матчка аялдардын кирүүсүнө бийликтерден уруксат алышкан. Моури бул акциядан кийин Ирандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

1979-жылкы Ислам революциясынын шарапаты менен Иран Ислам Республикасы түзүлгөндөн кийин аялдарга спорттук мелдештер өтүп жаткан жайларга кирүүгө тыюу салынган. Андан бери 2006-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына, ошондой эле волейбол, баскетбол боюнча мелдештерди стадиондордо көрүүгө аялдарга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG