Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

"Мен хижабга каршымын"


Масих Алинежад
Масих Алинежад

Иранда журналист Масих Алинежадга каршы маалыматтык cогушу башталды. Анткени ал Фейсбук социалдык сайтында “Менин купуя эркиндигим” деген баракча түзгөн.

Өткөн дем алышта мамлекеттик каналдан көрсөтүлгөн атайын репортажда Алинежад чет элдик тыңчы компаниялар менен кызматташары, иран кыз-келиндеринин арасында ыймансыздыкты, адепсиздикти жайылтып жатканы баяндалат.

Лондондо жашаган Масих Алинежад аттуу ирандык журналист аялга Ирандын консерваторлору май айынан тарта каршы чыгышты. Анткени журналист айым 3-майда Фейсбук социалдык сайтында “Менин купуя эркиндигим” деген баракча түзгөн. Ал сайтка ирандык кыз-келиндер жоолугу жок жылаң баш сүрөттөрүн жайгаштырып, тез арада эле 400 миңден ашык адам баракчаны жактырган. Сайттагы 150 сүрөт дароо маалымат каражаттарына тарап кеткен.

Бул ирандык эскичилдердин кыжырын келтирип, алар Алинежадды "маңзат колдонгон, жеңил ойлуу аял" деп айыптай башташкан.

Ирандын мамлекеттик каналы көрсөткөн берүүдө “Алинежад маңзат чегип алып эл алдында жылаңачтанган, андан соң сексуалдык зордуктоого кабылган” деп айтылган. Ошондой эле алар бул зордуктоо Лондондогу метродо, журналисттин уулунун көзүнчө болду деп айтышкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Алинежад Ирандын башкы телеканалы карандай калп айтканын билдирди:

- Алар мени сексуалдык зордуктоого кабылган дегенди ойлоп табышты. Керек болсо менин уулумду да кошуп, аны зордуктоонун күбөсү кылып коюшту.

Алинежад өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Ирандын мамлекеттик каналы ойлоп тапкан “зордукталган” метродо ырдап турган видеосун жайгаштырып, “Мен өз өлкөмдө дагы Лондондогудай эркин ырдай алсам эмне кылат элеңер” деп жазган.

Журналист миллиондогон ирандыктар эркиндикти самаарын кошумчалайт.

Алинежаддын пикиринде мамлекеттик телеканал мындай каралоо жолу менен “Менин купуя эркиндигим” баракчасына сүрөт койгон бардык кыз-келиндердин беделине көлөкө түшүрүп атат.

- Бул мага эле эмес, Фейсбуктагы биздин баракчанын бардык колдонуучуларына болгон айыптоо. Биз ал сайт аркылуу болгону “Биз Ирандын жараныбыз, биз дагы өз үнүбүздүн угулушун каалайбыз жана биз хижабды жактырбайбыз” деп айткыбыз келген, - дейт.

“Менин купуя эркиндигим” баракчасына ондогон кыз-келиндер өздөрүнүн жоолуксуз түшкөн түрдүү сүрөттөрүн коюшкан.

Бир сүрөттө кара жоолугун асманга ыргыткан сулуу айым күлүмсүрөп турат. Сүрөттүн алдында "Мен бул кездемени эмес, эркиндикти тандайм! Мен бул кездемеге каршымын! Карачы, мен адаммын!" деген жазуу бар.
"Мен бул кездемеге каршымын!"
"Мен бул кездемеге каршымын!"

Дагы бир сүрөттө Тегерандагы кара көз айнекчен келин “Эркиндик - тандоо укугу. Биздин элдин кыздары бул эркиндикти толук сезген убакыт келээр” деп жазган.

Мындай сүрөттөр Ирандын аялдар адептүүлүгү жоолук аркылуу билинет деген идеологиясына каршы келет.

Белгилүү ирандык активист Асие Амининин пикиринде, Алинежадга каршы жүрүп жаткан кампания анын Фейсбуктагы баракчасы Иран бийлигинин кыжырына канчалык тийгенин көрсөтүп турат. Норвегияда жашаган Амини мамлекеттик канал Алинежадды каралаган репортажы менен аялдарга каршы зомбулукту колдоп жатат деген ойдо:

- Алар зордуктоо аркылуу аялдын беделин түшүрүп койсо болорун көрсөтүп, жеңил ойлуу аялдар зордуктоого татыктуу деген маанини элдин кулагына куюп жатат. Мындай жол менен алар өз алсыздыгын, адам менен диалогго бара албасын көрсөтүүдө.

Алинежад болсо мамлекеттик телеканалды жана аны социалдык медиада каралаган эскичилдерди Ирандын сотуна берерин айтты.

Иранда 1979-жылдагы революциядан кийин “аялдар сөзсүз жоолук салынып жүрүүсү абзел” деген шарт коюлган. Ошентсе да бийлик коркутуп-үркүтүү, айыппул менен болсо дагы бардык аялдарга хижаб кийгизе алган жок. Тескерисинче, жыл өткөн сайын ирандык аялдардын жоолугу дагы кыска, жука жана кооз болуп өзгөрүүдө.

XS
SM
MD
LG