Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

FIFA-2014: "Алтын топ" үчүн дүйнөлүк таймаш


12-июнда Бразилияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 32 өлкө 8 топко бөлүнүп мөөрөй талашат.

12-июнда Бразилияда күйөрмандар төрт жыл күткөн футболдун дүйнө чемпионаты башталганы турат. Анда 32 өлкөнүн тандалма командалары мөөрөй талашат.

Чемпионаттын кожоюну, футболдон дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия “А” тобунда Камерун, Мексика, Хорватия менен беттешет. “В” тобундагы атаандаштар - Испания, Чили, Австралия, Голландия. Ал эми Колумбия, Кот-д'Ивуар, Жапония, Грекия “С” тобунда күч сынашат. Чүчү кулак кармоодо төрт жолку чемпион Италия Уругвай, Коста-Рика, Англия менен “D” тобуна кошулган. Ал эми “E” тобундагы атаандаштар - Швейцария, Эквадор, Гондурас, Франция. Аргентина, Нигерия, Иран, Босния жана Герцеговина “F” тобунда беттешет. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия жана Гана, АКШ, Португалия болсо “G” тобунда. “H” тобуна Бельгия, Алжир, Түштүк Корея жана Орусия кирди. Орусия "абдан жеңил тайпага түштүк, андан кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк бар" деп кудуңдап жаткан кези.

Ушул сегиз топто биринчи жана экинчи орун ээлеген командалар чейрек финалдык беттешүүгө укук алат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Бразилиядагы чемпионат кызыктуу болорун боолгоп турат. Талдоочулар абдан курч таймаш өзгөчө үч тайпада болорун айтып жатат. Алар - “В” (Испания, Чили, Австралия, Голландия), “D” (Уругвай, Италия, Коста-Рика, Англия) жана “G” (Германия, Гана, АКШ, Португалия).

Амангелди Муралиев
Амангелди Муралиев
Кыргыз футбол федерациясын 16 жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде, Эл аралык федерациясы футболдун Бразилияда өнүгүшүн эске алып, дүйнө чемпионатын өткөрүүгө акыры ишеним көрсөттү. Муралиев өзү бул жолу Бразилия менен Германияны сүрөөнгө аларын айтты.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар тандалма командасынын устаты Токтогон Элтинов быйыл Бразилия, Испания, Англия жана Голландия баш байгеге талапкер болорун божомолдойт.

Ал эми спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, чемпионат кайсы континентте өтсө, ошол аймактагы командалар алдыңкы орундарга ээ болушу ыктымал.

Спорттук баяндамачы Сурат Жылкычиевдин пикиринде быйыл беш өлкө алдыңкы топко чыгышы ыктымал:

- "Карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылат. Испания менен Голландиянын да даярдыгы мыкты.

Чемпионат тарыхы

1904-жылдын 21-майында Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулуп, Эл аралык футбол федерациясын (FIFA) негиздеген. Ал кезде футбол олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген. 1921-жылы FIFA жетекчилигине франциялык адис Жюл Риме бекитилип, ошондон баштап футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1928-жылдын 29-майында Амстердамда FIFAнын кезектеги жыйыны өтүп, көпчүлүк дүйнө кубогун негиздөөнү колдоого алат. Ошентип футбол дүйнөсүнүн жаңы доору башталган.

1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай белсенет. Акыры FIFAнын чечими менен биринчи дүйнөлүк чемпионатты уюштуруу мүмкүнчүлүгү Уругвайга тиет. Анткени бул Латын Америка өлкөсү 1924-28-жылдары олимпиадалык оюндарды эки жолу катары менен жеңип, эч кимге утулгус командалардын бири болуп турган. Талаа кожоюндары Аргентина менен мөөрөй талашып, 4:2 эсебинде утуп алат да алгачкы чемпион аталат.

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ошол жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизип, 12 жыл бою чемпионат өткөрүлгөн жок.

1950-жылы мелдеш Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп, ага 1:2 эсебинде уттуруп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта финалда талаа ээлери Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында, ар бир өткөн дүйнө биринчилигинде күтүлбөгөн нерселер болуп турат:

- Айтсак, 1990-жылы Италияда дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселе жараткан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн араң токтоткон.

Испандардын дүйнө чемпиону болуу тилеги 2010-жылы ишке ашты.

Ал эми бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия баш байгеге талапкер болушу күтүлөт. Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. Себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар.


2002-жылдагы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат футбол тарыхындагы эң кызыктуулардын бирине айланды. Анткени мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, сенсацияга мол болгон.

Сан-Паулу, 10-июнь, 2014-жыл.
Сан-Паулу, 10-июнь, 2014-жыл.
Быйылкы чемпионатты өткөрүү укугун алган Бразилиянын даярдыгы начар, стадиондору чала бүткөнүн футбол адистери сынга алса да акыры FIFA бул өлкөгө ишеним көрсөттү.

Кыргыз футбол делегациясы да учурда Бразилияда жүрөт. Сан-Паулу шаарында өткөн FIFAнын жалпы конгрессине өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, вице-президенттер Аскар Салымбеков жана Асылбек Кадыралиев катышты. 12-июнда алар ачылыш аземге жана Бразилия - Хорватия командаларынын беттешүүсүнө күбө болот.

Жыйырманчы чемпионаттын ачылыш аземи 12-июнда Сан-Паулу шаарындагы "Арена-Коринтианс" спорт ордосунда өтөт. Оюнду Бразилия жана Хорватия баштайт. Финалдык оюн жана жабылуу аземи 13-июлда Рио-де-Жанейро шаарындагы «Маракана» стадионунда өтөт. Мелдештер Бразилиянын 12 шаарында өтмөкчү.

Футбол чемпионатын Кыргызстанда түз алып көрсөтүү укугун быйыл НТС телеканалы гана алды. Бирок ал өлкөнүн бардык аймактарын камтый албайт. Буга жергиликтүү күйөрмандар капа болуп турат.

Бир нече жолку биринчилер

Бразилия дүйнөнүн 5 жолку (1958-ж., 1962-ж., 1970-ж., 1994-ж., 2002-ж.) чемпиону.
Италия чемпион болуп 4 жолу (1934-ж., 1938-ж., 1982-ж., 2006-ж.) аталган.
Германия чемпиондукка 3 жолу (1954-ж., 1974-ж., 1990-ж.) жеткен.
Аргентина (1978-ж., 1986-ж.) жана Уругвай (1930-ж., 1950-ж.) эки жолу чемпион аталган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG