Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Фанаттын өлүмү улутчулдарды ойготту


Футбол фанатын өлтүргөн деп шектелип жаткан өзбек жараны Жахонгир Ахмедов, 16-май, 2014
Футбол фанатын өлтүргөн деп шектелип жаткан өзбек жараны Жахонгир Ахмедов, 16-май, 2014

Москванын четиндеги Пушкино шаарчасында футбол фанатын өлтүргөн деп шектелген өзбекстандык Жахонгир Ахмедов жума күнү таң эртелеп камалды.

Футбол фанатынын өлтүрүлүшүндө борбор азиялык мигранттын ысмы аталышы шаарда улутчул жаштардын кыжырын келтирип, базар-көчөлөрдө тополоңдордун кайра күчөшүнө түрткү болду.

Өзбекстандын жараны Жахонгир Ахмедов Москванын четиндеги Пушкино шаарчасында “Спартак” футбол клубунун фанаты Леонид Сафьянниковду 13 - майда жолдогу чыр маалында сабап, өлтүргөнү айтылууда. Ахмедов жарадар болгон жигитти машинесине салып, райондук ооруканага жеткирген, бирок ал ошол бойдон эсине келбей кайтыш болгон. Ошондон кийин Ахмедов Өзбекстанга билет алып, кетип калган.

15-майда Сафьянниковдун достору, “Спартактын” фанаттары жана улутчулдардын тобу Пушкинодо жөө жүрүш өткөрүп, акырында ал базарга чабуул менен коштолду. Аларды полициянын атайын күчтөрү таркатып, 60 кишини камакка алды.

Мунун алдынан Сафьянниковдун досторунун бири биздин радиого сүйлөп, алар тынч митинг гана уюштурууну каалап жатышканын билдирген эле:

- Биз элге ал жердеги базарды көрсөтүп, анын жабылышын талап кылабыз. Мындай окуя экинчи кайталанбашын каалайбыз. Леонид өлтүрүлгөн жерге гүл коебуз. Эч кандай зомбулук жасайлы деген ниетибиз жок. Анткени биз экстремизмди колдобойбуз. Болгону бул кылмыш мыйзам чегинде иликтенишин каалайбыз, - деген болчу.

Азыр ал жерде футбол фанаттары коопсуздук күчтөрүн аракетсиздиги үчүн айыптап жатканына карабай, полиция бул кылмышты “кыска мөөнөттө иликтеп, толугу менен тергөө бүткөнүн” кабарлап жатат.

Тергөөчүлөр окуя кандай болгонун ошол жерде видео-камерага жазылган тасмадан көрүшкөнүн айтып, Ахмедовго “кокусунан башка бирөөнү өлтүргөн”, “башка бирөөнүн машинесин тартып алган” жана “чоочун мүлккө зыян келтирген” деген үч башка берене боюнча сырттан айыптап жатышат.

Анткен менен Орусиядагы өзбекстандыктардын “Ешлар” кыймылынын башчысы Максуд Абдужапаров “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кабарчысы Умид Бобоматовго сүйлөп жатып, Ахмедовду кайра орус полициясына өзү колго түшүп беришине мажбурлашты дейт.

- Ал өз алдынча келем деп чечкен эмес, аны каалаган эмес. Жахонгирдин апасы менен жубайын милиция барымтага алган. Анан анын өзүнө: “Келсең, аларды бошотобуз, келбесең, аялыңды жаалданган жаштарга беребиз, апаңды болсо маңзат менен кармалды деп 6-7 жылга түрмөгө отургузабыз”, - дешкен. Мына сага вариант дешкен – дейт Абдужапаров.

Бирок маалымат агенттиктери Ахмедов келгени тууралуу эки башка версияны айтып, биринде аны өзүнүн Орусиядагы туугандары жана өзбек диаспорасы суранганын, дагы бир маалымат боюнча өзбек коопсуздук күчтөрү Москвадагы бийликтин өтүнүчүнөн кийин аны экстрадициялаганын кабарлап жатышат.

Кандай болгон күндө да, Москванын четинде дагы бир ирет футбол фанатынын өлүмүнө борбор азиялык мигранттын катыштыгы бар экени тууралуу сөз жергиликтүү базарга чабуулдун, рейддердин башталышына түрткү болду.

"Эки күндөн бери Федералдык миграция кызматы, полиция жана Экстремизмге каршы күрөш органы рейд өткөрүп, базардын айланасындагы мигранттардын ичинде ким болбосун, сатуучу, таксист, айтор, баарын кармап кетүүдө. Азыр эми скинхеддерге да, футбол фанаттарына да кудай берди. Алар биздин таксисттерди: “Силер окуяны көрүп туруп, адам өлтүрүүнүн алдын албадыңар, ал мушташты токтотуп калбадыңар”, - деп уруп салышкан", - дейт Орусиядагы өзбекстандыктардын “Ешлар” кыймылынын башчысы Максуд Абдужапаров.

Орусиянын баш калаасында футбол фанаттарынын өлтүрүлүшү менен байланышкан массалык тополоң бир нече ирет кайталанган. 2010-жылы “Спартактын” күйөрманы Юрий Волковдун мушташта бычакталып өлтүрүлүшү шаар борборунда массалык тополоңду жараткан. Ошол эле жылы дагы бир фанат Егор Свиридовдун киши колдуу болушу шаарда бир нече жүз жаштардын улутчул чабуулдарына себеп болду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG