Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Гандболду жандантуу аракети жүрүүдө


Бишкектеги "Эврика" билим берүүчү комплекс гимназиясынын окуучулары кол тобун ойноо учурунда. 14-ноябрь, 2014-ж.
Бишкектеги "Эврика" билим берүүчү комплекс гимназиясынын окуучулары кол тобун ойноо учурунда. 14-ноябрь, 2014-ж.

Кыргызстанда гандбол же кол тобу оюну боюнча федерация түзүлдү. Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда популярдуу спорттун түрүнө кирген бул оюн 1998-жылдан кийин өлкөбүздө республикалык мелдештердин тизмесине кирбей калган.

Бексултан Канатбек уулу "Эврика" билим берүүчү комплекс гимназиясында 6-класста окуйт. Ал кол тобу менен ойноону быйылкы окуу жылынын башынан тарта өздөштүрө баштаган. Өзү теңдүүлөр арасынан куралган мектептин командасында чабуулчулук милдетти аткарат.

- Мектепте дене тарбия сабагынан футбол, баскетбол менен кошо кол тобун да үйрөнүп жатабыз. Менден бою узун, күчтүү балдар менен ойногондо алардан айырмаланып, шамдагайлык менен топту жула качып, мыкты ойногонго аракет кылып жатам. Антпесе бою узундар менден топту тартып алып, же күчтүүлөр топту алайын деп мени түртүп жыгып коюшу мүмкүн. Бул эң кызыктуу оюн. Биздин мектепте популярдуу болуп баратат.

"Эврика" билим берүүчү комплекс гимназиясынын дене-тарбия сабагынын мугалими Александр Зайченко окуучулары менен оюн алдында. 14-ноябрь, 2014-ж.
"Эврика" билим берүүчү комплекс гимназиясынын дене-тарбия сабагынын мугалими Александр Зайченко окуучулары менен оюн алдында. 14-ноябрь, 2014-ж.

Кол тобу оюну бул "Эврика" жеке менчик гимназиясынан башка мектептерде окутулбайт. Аталган гимназиянын дене-тарбия сабагынан мугалим Александр Зайченко жеке демилгеси менен окуу жайдын жетекчилигине гандболду окуу программасына киргизүүнү сунуштап, ал демилгеси колдоо тапканын айтты. Анын айтымында, быйылкы окуу жылынан баштап 15 класстан 100дөн ашуун окуучу кол тобу менен ойноонун сырларын үйрөнүшүүдө.

- Мен иштеген мектепте жеңил атлетика, баскетбол өңдүү спорттун түрлөрүнөн сырткары гандболго өзгөчө басым жасалат. Ар бир класска жумасына үч жолу бул спорт боюнча сабак өткөрүлөт. Буга чейин бир жыл мурда №27 мектепте иштеп жүргөндө окуучуларга бир аз үйрөтө баштагам. Эми бул мектептен толук кандуу иш жүргүзө баштадык деп айтсам болот. Бул мектепти гандболду терең өздөштүргөн мектепке айлантууну кыялданам. Кол тобунун келечеги кең. Шакирттеримди татыктуу тарбиялап, келечекте улуттук кураманын намысын коргогон оюнчуларды тарбиялай алсам, мен үчүн чоң жетишкендик болот эле.

Кол тобу оюну Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда популярдуу спорттун бири болгон. Кыргыз ССРинин курамасы 15 союздук республикалардын арасында алдыңкы үч кураманын катарында жүргөнүн бул спорттун күйөрмандары сыймыктануу менен эскеришет.

СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиаданын жана дүйнөнүн чемпиону Талант Дуйшебаев.
СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиаданын жана дүйнөнүн чемпиону Талант Дуйшебаев.

Кыргыз гандбол мектебинин тарбиялануучусу Талант Дуйшебаев СССР курамында ойноп, кийин КМШ курамында 1992-жылы Барселона олимпиадасында чемпион болгон. Андан соң Орусия Федерациясынын курамында 1993-жылы дүйнө чемпиондугун жеңген. 1995-жылдан тартып Испаниянын жарандыгын алып, бул өлкөнүн улуттук курамасында эки жолу Олимпиаданын коло байгесин тагынган.

Европадагы клубдук таймаштарда төрт жолу Испания чемпиондугун, бир жолу Чемпиондор лигасын утуп, бир нече жолу абройлуу сыйлыктардын ээси болгон. Европа чемпиондугунун да бир нече жолу байгесин тагынган. 1994-жана 1996-жылдары дүйнөнүн мыкты гандболчусу наамына татыган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Гандбол федерациясы түзүлүп, 1998-жылга чейин республикалык мелдештер өткөрүлүп келген. Андан кийин федерациянын иши токтогон.

Деген менен кол тобунун ышкыбоздору бул оюнду ойноону улантып жүрүшкөн. Алардын бири - "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров. Ал Ак-Суу районунда командаларды топтоп, Сабыр-Ата атындагы турнирди уюштуруп, кол тобун ойногон оюнчулардын таймашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп келген.

- Мен бала кезде бул оюнду ойночубуз. Армиядан келгенден кийин институтта окуп жүргөндө стипендияларымды чогултуп, Сабыр-Ата турнирин уюштуруп, бул оюнду райондун деңгээлинде көтөрүп чыккам. Учурда бул райондо ар кандай жаш куракта 16 команда ойнойт”.

Унутта калган кол тобу менен мурда алектенген адистер ушул жылдын 16-майында чогулуп, федерациянын ишин кайрадан жандантуу планын бекитишкен. Федерация жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировду шайлашкан. Бүгүнкү күндө уюмдун ишин алга жылдыруу максатында аракеттер көрүлө баштагады дейт Кол тобу федерациясынын президенти Максат Сабиров.

- Дене тарбия жана спорт боюна мамлекеттик агенттигине кайрадан каттоодон өтүп, лицензия алуу үчүн документтер жөнөтүлгөн. Азиялык, дүйнөлүк кол тобу федерациялары биздин ишмердүүлүгүбүздү колдогон каттарды жиберишти. Мамлекеттен каржылык колдоо алуу үчүн өкмөткө кайрылуу жолдодук. Ар бир облустарда мектеп ачууну пландап жатабыз. Бул спорттун келечеги кең. Массалык спортту өнүктүрөбүз десек дал ушундай көп адам ойногон, үйрөнүүгө оңой оюндарды өнүктүрүшүбүз керек. Эл аралык мелдештерге катышуу жана Кыргызстандагы спартакиадаларда кол тобу боюнча оюндарды өткөрүү үчүн тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Чүй облусунун Беловодск жана Жал айылдарында жана Бишкек шаарында кол тобу менен машыккан командалар бар.

Кол тобу же Гандбол 19-кылымда даниялык футболчулар тарабынан кышкы мезгилде ойноо үчүн ойлонуп табылган. 1936-жылы алгачкы жолу Берлинде болгон Олимпиада оюндарында олимпиадалык программага киргизилген.

1946-жылы Эл аралык Гандбол федерациясы түзүлгөнү бул спорттун дүйнө жүзүнө кеңири кулач жайылышына себепчи болгон.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG