Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бассейн болбосо кайдагы чемпион?


Кыргызстандын олимпиадалык резервдеги спорт окуу жайынын окуучулары он жылдан кийин кайрадан сууда машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы бул окуу жай 13-ноябрда спорт бассейнин кайрадан ишке киргизди.

Тилек Турарбеков Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайында 11 - класста эркин күрөш багытында билим алат. Ал азыр бассейндин ачылышына кубанып турган ондогон окуучулардын бири:

- Сууда сүзүү тырышчаак, ыкчам болууга шарт түзөт. Өзгөчө машыгуудан кийин сууда сүзүү менен алектенсең чарчоо басаңдайт. Бул шартты түзүп берген үчүн ыраазымын.

Аталган бассейндин узундугу 25 метр. Анда машыгуучулар үчүн жуунуучу жай, суу менен жабдуучу, тазалоочу системалары, суу түтүктөрү орнотулуп, комплекстин сырткы жасалгалары жаңыртылып, чатыры алмашкан. Бул бассейн 10 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылбай келгенин окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев маалымдады:

- Бул бассейн жайгашкан комплекс 1978-жылы курулган. Ошондон бери оңдолгон эмес. 10 жыл убакыттан бери пайдаланылбай калган. Бул жакта бизде спорттун сегиз түрүнөн билим алган окуучулар жана улуттук кураманын мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү эл сууда сүзүү менен алектенсе болот. Комплексти оңдоого бюджеттен 15 млн. сом бөлүнгөн.

Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги окуу жайындагы бассейн. 13-ноябрь, 2014-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg
Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги окуу жайындагы бассейн. 13-ноябрь, 2014-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайдагы бассейнден сырткары Кыргызстанда мамлекетке караштуу үч бассейн бар. Алар Бишкектеги "Дельфин", Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейн жана Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү бассейн.

"Дельфин" бассейнинде төрт жылга жакын убакыттан бери оңдоо иштери бүтпөй келет. Олимпиадалык стандартка төп келген өлкөдөгү жалгыз спорт ордосундагы 50 метрлик бассейн да учурда оңдоого муктаж болгондуктан иштетилбей турат.

Суучулдар көп, шарт жок

Олимпиадалык стандарттагы бассейндин жоктугу сууда сүзүү боюнча улуттук курамага кирген спортчулардын машыгуусуна кедергисин тийгизип жаткандыгын спорттун суудагы түрлөрү боюнча адистештирилген өспүрүмдөрдүн республикалык мектебинин директору Ильвира Жогина билдирди. Анын айтымында, сууда сүзүүчүлөр стандартка туура келбеген менчик бассейндерде машыгып, эл аралык мелдештерде мыктылардын катарына кошула албай келишет.

- Сууда сүзүү боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү олимпиадалык стандартка туура келбеген 25 метр узундуктагы жеке менчик бассейндерде машыгат. Ысык-Көлдө атактуу суучул Ахмед Анарбаев курдурган 50 метрлик менчик бассейн бар. Бирок аталган машыгуу жайында Орусиядан, Казакстандан келген спортчулар машыккандыктан биздин спортчулар дайыма эле машыга алышпайт. Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейнди оңдоого мамлекет өзү кызыкдар болбосо, жеке адамдарга бул бассейндин кереги деле жок. Бизде таланттуу суучулдар көп. Аларды татыктуу машыктырууга олимпиадалык стандартка туура келген бассейн керек. Антпесе 25 метрлик бассейнде машыккан суучулдарыбыз эл аралык мелдештерге барганда 50 метрлик чоң бассейнге ылайыктуу көрсөткүчтөрдү камсыздай албай жатышат”.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев Кожомкул атындагы спорт ордосундагы олимпиадалык бассейндин курулушунда кемчиликтер бар экенин айтты. Ал билдиргендей кайра калыбына келтирүүгө көп каражат керектеле тургандыктан оңдоого мүмкүн болбой жатат.

- Бул бассейндин долбоору технологиялык жактан туура эмес. Ал колонналардын үстүндө курулган. Ошондуктан жарака пайда болуп, оңдоо үчүн көп чыгымды талап кылат. Мамлекеттин ага чама-чаркы келбейт. Мамлекет менен жеке менчик өнөктөштүктүн алкагында инвестор издеп жатабыз.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев Кожомкул атындагы ири спорт ордосундагы бассейнди реконструкциялоо үчүн Иран тараптан инвесторлор каржылык колдоо көрсөтүүгө кызыкчылыгын билдирип жатканын жана долбоордун документтери даяр экенин кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG