Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:55

Греция: СИРИЗАнын лидери Ципрас премьер-министрликке киришти


Грецияда Алексис Ципрас премьер-министрлик кызматка киришти. Ал жетектеген солчул СИРИЗА партиясы жекшембидеги парламенттик шайлоодо жеңип чыккан эле. Парламенттеги коалицияны түзүүгө парламентте бир орун жетпей алган СИРИЗА оңчул “Көз карандысыз гректер” партиясы менен коалиция түзгөн. Бүгүн 40 жаштагы Ципрас өлкө президенти Каролос Папулиастын алдында ант берип, өкмөттү расмий башкара баштады.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, СИРИЗА шайлоочулардын 36 пайызын алып, парламенттеги 300 орундун 149ун ээлеген. Ал эми “Көз карандысыз гректер” шайлоочулардын төрт пайызы менен парламенттен 13 орун алган.

“Көз карандысыз гректер” СИРИЗА сыяктуу эле Евробиримдиктин башка мүчөлөрү талап кылган экономикалык үнөм саясатына каршылыгын билдирип келет.

Акыркы жылдары оор экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан Грецияга Евробиримдик финансылык жардам берүү үчүн экономикалык үнөмдөө шартын койгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG