Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

ПАСЕ Надежда Савченкону бошотууга чакырды


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) Орусиянын түрмөсүндө жаткан украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотууга чакырды. Мындай чакырык Савченко 45 күндөн бери ачкачылык кармап, ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу жасалды.

Дүйшөмбү күнү Страсбургда ПАСЕнин кышкы сессиясы ачылды. Савченкону ПАСЕ Украинанын Жогорку Радасынын депутаты жана украин делегациясынын мүчөсү катары тааныды. Бул Савченкого ар кыл куугунтуктоолордон коргойт жана анын камактан бошотулушуна шарт түзөрү айтылууда.

ПАСЕнин төрайымы Анн Брассёр маселени тез арада чечүүгө аракет кыларын билдирди. Буга чейин Страсбургга келген Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин ПАСЕнин Савченко боюнча өтүнүчүнө жооп кайтарды. Нарышкин эгер сот аны күнөөсүз деп тапса гана бошотуларын билдирген эле.

Украиналык учкуч Надежда Савченко өткөн жылдан бери Орусияда камакта жатат. Орусиянын Тергөө комитети Савченкону "Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган",- деп айыптоодо. Ал эми Савченко жана Украина бийлиги аны жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. Камакта жаткан учкуч Украинадагы "Батъкившина" партиясынын тизмесине кирип, Жогорку Раданын депуттатыгына шайланган.

XS
SM
MD
LG