Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Операциядан кийин комага түшкөн өспүрүмдүн абалын комиссия иликтейт


Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, сокур ичегинин айынан комага түшкөн 4-класстын окуучусу Касым уулу Аргендин ата-энеси акыйкатчыга жардам сурап кайрылган. Кыргызстандын башкы укук коргоочусу Бакыт Аманбаев өспүрүмдүн абалы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү жана анын үй-бүлөсүнө медициналык жардам көрсөтүүнү суранып, Салматтыкты сактоо министрлигине кайрылды. Аргендин ден соолугуна байланыштуу министрликте комиссия түзүлүп, оорулууну Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткыруу чечими чыкты.

4-класстын окуучусу Арген өткөн жылдын 6-октябрында Жайыл райондук ооруканасында операция болуп, ошол бойдон эс-учун билбей жатканын буга чейин “Азаттык” жазып чыккан. Анын ата-энеси уулунун сокур ичегисин алдыргандан кийин эсине келбей жаткан себебин дарыгерлер түшүндүрбөй жатканына даттанып, сотко кайрылышкан. Учурда тергөө жүрүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG