Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

Жалал-Абадда ымыркайлардын чарчашы көбөйүүдө


Шаар аймагында 1 жашка чейинки ымыркайлардын өлүмү 2014-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп катталды. Бул тууралуу калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди. 2013-жылы 36 бөбөк чарчап калса, былтыр алардын саны 44кө жеткен. Бул социалдык шартка жана кош бойлуу аялдардын өз убагында дарыгерлерге көрүнбөгөнү менен байланыштырылууда. Өткөн жылы Жалал-Абад шаарында 2645 наристе төрөлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2012-2013-жылдарга анализ жүргүзүп, Кыргызстанда төрөлгөндөр көбөйүп, өлүмдүн саны азая баштаганын билдирген. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG