Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

УКМК “Кыргыз чоролоруна” байланыштуу түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесине байланыштуу расмий түшүндүрмө берди. Анда айрым көңүл ачуучу жайларды, караоке-барларды тинтүү боюнча “Кыргыз чоролору” менен УКМК ортосунда меморандум болбогону айтылат. Ошондой эле аталган бирикмеге көңүл ачуу жайларын тинтүүгө уруксат берилген деген маалыматты четке кагууда. Бирикме жетекчиси Замир Көчөрбаев бул иштерди аткарууга күч органдарынын жетекчилери кол койгон меморандум бар экенин, бирок алар биргелешип иштешүүдөн качып жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин отуз чакты мүчөсү 28-декабрдын түнүндө “Таатан” соода борборунун жанындагы кытайлардын караоке-барын тинтүүгө алып, 22 кызды сойкулук менен алектенет деген шек менен милицияга өткөрүп беришкен. Өздөрүн өлкөнүн мекенчил атуулдары санаган “Кыргыз чоролору” тарткан видеотасма коомчулукта бүйүр кызыткан талаштарды жараткан.

Шаардык милиция кытайлардын караоке-барын өзүм билемдик менен тинтүүгө алган “Кыргыз чоролорунун” үч мүчөсүнө талап-тоноо, бирикме жетекчиси Замир Көчөрбаевге бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев 26-январдагы маалымат жыйында “Кыргыз чоролору” милицияга жардам берип жатканын, бирок жасаган иштери мыйзамдуу болушу керектигин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG