Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү сүйлөшүүгө өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзү катышууда.
Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Центерранын" жетекчилиги, Кыргызстандын чет элдеги юридикалык, каржылык жана экологиялык консультанттары Бишкекке келген.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, башында тараптар ортосунда жаңы долбоор боюнча 20 талаш пикир жаралган. Анын ичинде 11 суроо боюнча буга чейин мунаса табылган, дагы 9 пункт талкууланышы керек. Ортодо экологиялык маселелер боюнча да пикир келишпестик бар.
Буга чейин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” курган маегинде “Центерра голд” Кыргызстан тарапка экологиялык дооматтардан баш тартуу, коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иштерди токтотуу талабын коюп жатканын билдирген.
“Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (КE)