Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Освенцим: жетимиш жыл мурдагы тозок


Освенцимдеги эскерүү
Освенцимдеги эскерүү

Бүгүн нацисттик Германиянын Освенцим өлүм лагеринде бул түрмөнүн советтик армия тарабынан бошотулганынын 70 жылдыгы белгиленүүдө.

Эскерүүгө европалык лидерлер, башка жактардан мартабалуу өкүлдөр, Холокосттон аман калгандар катышууда.

Польшанын аймагындагы немисче Аушвиц деп аталган Освенцим лагерине бул жерден 1945-жылдын 27-январында бошотулган жүздөгөн туткундар менен катар, чет мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү жана падышачыл үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү чогулууда.

27-январь миллиондогон адамдар, негизинен европалык жөөттөр өлтүрүлгөн Холокостту эскерүүнүн Эл аралык күнү деп саналат.

26-январда Германиянын канцлери Ангела Меркел убагында жөөттөрдүн кодуланып, коркутулуп, кырылышы өлкөнү жер караткан окуялар болгондугун билдирген.

Освенцим концлагери нацисттик Германиянын жөөттөрдү тукум курут кылуу саясатында болжол менен алты миллион кишинин өлтүрүлүшүнүн айныксыз символу болуп калган. Анда башка азчылыктардын, анын ичинде лөлү, кумса жана акыл-эсинен айныгандар өлтүрүлүп жок кылынган.

Холокосттун аркасы менен Европадагы бир кездеги гүлдөгөн жөөт маданияты жылан сыйпагандай жок болгон.

Освенцимдин мисалында Ангела Меркел Германиядагы мусулмандарга кастарын тиккендерди сынга алып, «Биздин өлкөдө баш калканч тапкан адамдарга каршы жек көрүүчүлүк ураандарды уккубуз келбейт» деди. Берлинде сүйлөгөн сөзүндө Меркел исламдык терроризм коркунучун да сөз кылды:

– Париждеги январдын башындагы чабуулдардан биз биздин замандын эң ири коркунучу – исламдык терроризм менен анти-семитимзди, же жөөттөрдү жек көрүүчүлүктүн чыныгы жүзүн көрдүк. Ал окуялардан кийин миллиондогон адамдар Парижде көчөгө чыгып, эркин жана тынчтыкта жашагыбыз келерин айттык. Биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, жек көрүүчүлүктөн тамыр алган жексурлукту жеңе алабыз. Мусулманбы, жөөтпү, христианбы же динсизби, биз баарыбыз адамбыз.

Бул күнү Парижде сүйлөгөн Франциянын президенти Франсуа Олланд анын өлкөсүндө жөөттөргө каршы маанайдын күч алышын айыптап, буга каршы күрөшүүгө сөз берди. Өлкөдө соңку иликтөө жөөттөргө каршы аракеттер акыркы бир жылда эки эсеге өскөндүгүн көрсөтүүдө.

Освенцим туткундары
Освенцим туткундары

Освенцимдин мааракеси күтүлбөгөн жерден Орусия менен Батыштын ортосун дагы салкындатты. Польшада жана Украинада айрым бийлик өкүлдөрү Освенцимди негизинен украиндер бошоткон деп айтканы ансыз деле Украинадагы жаңжалга байланыштуу Батышта кадыры түшүп кеткен орустарды ого бетер чычалатты окшойт.

Көрсө, Освенцимди бошотууга катышкан советтик дивизияны "Украинский Фронт" же "Украин Майданы" деп коюшчу экен. Иш жүзүндө бошотууга, албетте көптөгөн улуттун өкүлдөрү катышкан.

Бул кайым айтыштан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин өз пресс-катчысы аркылуу 27-январдагы эскерүүгө катышпай тургандыгын айттырды. Айрым маалымат каражаттары Польша Путиндин Освенцимге келишин каалабайт деп жазышты. Балким бул чын болушу мүмкүн, себеби Освенцим-Биркунау Мамлекеттик музейи адатта бардык мамлекет башчыларына эскерүүгө чакыруу жиберчү, бирок быйыл "ким келет" деп айтылган эскертүү менен чектелди.

Владимир Путин. Москва, 27-январь, 2015-жыл
Владимир Путин. Москва, 27-январь, 2015-жыл

Освенцим эскерүүсүнө карата Кремлдин сайтында жарыяланган кайрылуусунда Путин Холокостту «адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу жана адам баласын жер караткан барактардын бири» деп мүнөздөдү.

Ал ошондой эле тарыхты кайра жазып, Орусиянын улуу жеңишке кошкон салымын төмөндөтүп көрсөтүү аракети нацизмдин кылмыштарын актоого жана анын жексур идеологиясын кайра жандантууга тете болоорун эскертти. Освенцимге Украинанын, Франциянын, Германиянын президенттери келүүдө, бирок Орусия менен катар Кошмо Штаттары жана Израил төмөнкү кызматтагы өкүлдөрүн гана жиберүүнү чечишти.

Бельгия менен Голландиянын падышачыл үй-бүлөсүнөн өкүлдөр менен катар ондон ашык башка президент, премьер-министрлердин келери айтылган.

Путиндин бул күнү Москвадагы Жөөт музейине жана Сабырдуулук борборуна барары кабарланган.

Освенцимде аман калган аял

Дагмар Лиэблова 1943-жылдын декабрь айында Чехияда жашаган жөөт үй-бүлө менен Освенцимге айдалып келгенде 14 жашта болгон.

Освенцимде аман калган аял
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

XS
SM
MD
LG