Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:19

Өкмөт күчтөрүнүн 27-январда абадан урган соккусу Ооганстан чек арасындагы аймакта 76 согушкердин өмүрүн кыйды. Түндүк Вазиристандын Датта Хал облусундагы атайын операция учурунда эки ирет абадан чабуул жасалды.

Пакистан армиясы өткөн жылдын июнь айынан бери жүргүзүп жаткан операцияларда 1800дөй согушкер өлтүрүлгөнү айтылууда.

2014-жылдын 16-декабрында талиптер Пешавардагы мектепке бастырып кирип, жүздөн ашуун окуучунун өмүрүн кыйгандан соң аларга каршы күрөш күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG