Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Парламентте электр энергиясынын баасын арзандатуу талабы айтылды


Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева бүгүнкү пленардык жыйында айтып чыкты. Ал электр энергиясына бааны он күндүн ичинде 80 тыйынга түшүрүүнү сунуш кылып, азыркы тариф өлкөдө туруктуулуктун бузулушуна шарт түзөөрүн эскертүүдө.

Азыркы тарифке ылайык, жарандар февраль айынан баштап электр кубатына 700 кВтка саатка чейин 70 тыйындан, андан ашкан учурда 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 1 сом 97 тыйындан төлөйт. Электр энергиясына баа декабрь айында кымбаттаган. Бирок январдын башында ал президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатылып, азыркы баага токтолушкан болчу.

Буга чейин Нарында жана Токтогулда тарифти арзандутууну талап кылып айрымдар митингге чыгышкан.

Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев депутаттын мындай сунушун четке кагып, ансыз деле мамлекет бул жаатта ийкемдүү саясат жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG