Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Жапония менен Иордания туткунга түшкөндөрдү бошотуу үчүн кызматташат


"Ислам мамлекети" туткунга алган жапондор. 20-январь, 2015-жыл.
"Ислам мамлекети" туткунга алган жапондор. 20-январь, 2015-жыл.

Жапония “Ислам мамлекети” туткунга алган журналистти бошотуу үчүн Иордания менен кызматташат. Мындай маалыматты жапон премьер-министри Синдзо Абэ тастыктады. Ал согушкерлерге ачууланганын билдирип, туткундагы жапон журналистин бошотуу үчүн бардык аракетти көрөрүн эскертти.

Шейшембиде интернеттеги жихадчыл сайттардын биринде жапон журналисти Кэндзи Гото жана иорданиялык учкуч Мааза ал-Кассасбеханын сүрөттөрүн чагылдырган видео тасма чыкты. Кадр сыртындагы Готонуку деп болжолдонгон үн “эгер Иордан бийлиги камактагы ирак жараны Сажида ар-Ришавини бошотушпаса, алар 24 саат ичинде жок болорун” айткан.

Сажида ар-Ришави теракт уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалган, “ал-Каида” уюмунун мүчөсү деп шектелген ирактык аял.

Кэндзи Гото 20-январда Сирияда жапон ишкери Харуна Юкава менен биргеликте барымтага түшкөн. Юкаванын башы согушкерлер тарабынан 24-январда алынган.

Мааз ал-Кассасбех “Ислам мамлекети” уюмуна каршы жүргүзүлүп жаткан АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн барымтага түшкөн биринчи өкүлү.

XS
SM
MD
LG