Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Мамдума ГДРдин аннексиясы жөнүндө резолюция сунуштоодо


Берлин дубалынын кулаганын 25 жылдыгын белгилөө маалы, 2013-жыл
Берлин дубалынын кулаганын 25 жылдыгын белгилөө маалы, 2013-жыл

Мамлекеттик Думанын депутаттары 1989-жылы Германия Федеративдик Республикасы (ФРГ) Германия Демократиялык Pеспубликасын (ГДР) аннексиялап алганын билдирип чыкты. Мамдумадагы Коммунисттик партиянын депутаты Николай Иванов Евробиримдиктин Крымды аннексиялап алышын сындаган билдирүүсүнө жооп катары 1989-жылы ФРГ ГДРди аннексиялап алганы тууралуу атайын резолюция кабыл алууну сунуштады. Сунушту ДУМАнын төрагасы Сергей Нарышкин колдоп, бул маселени эл аралык иштер боюнча комитетинде кароону тапшырды.

Аталган комитеттин төрага орун басары Светлана Журова бул маселени тезинен кароого даярдыгын билдирди.

Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюму орус депутаттарынын мындай демилгесин “өтө таңкалычтуу демилге “ деп атады.

1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө Чыгыш Европадагы демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин “кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул өз кезегинде экиге бөлүнүп калган Германиянын биригишине алып келген. Мындан соң ГДР жоюлуп, Германия Федеративдик Республикасы деп аталып калган.

XS
SM
MD
LG