Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Иордания ИМ тобунун талабын аткарууга даярдыгын билдирди


Иордан өкмөтүнүн өкүлү Мухаммад аль-Момани “Ислам мамлекети” террорчул тобунун талабын аткарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал мамлекеттик теле аркылуу сүйлөп жатып, маалымдады. Аль-Моманинин айтымында, согушкерлердин туткунундагы иорданиялык учкуч Мааза ал-Кассасбеха үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган ирактык Сажида ар-Ришавини бошотууга даяр.

Ошол эле учурда иордан өкмөтүнүн өкүлү туткундагы жапон журналист Кэндзи Гото жөнүндө эч нерсе айткан жок. Буга чейин жапон өкмөт башчысы туткундагыларды бошотуу үчүн Иордания менен кызматташарын билдирген.

Шейшембиде интернеттеги жихадчыл сайттардын биринде жапон журналисти Кэндзи Гото жана иорданиялык учкуч Мааза ал-Кассасбеханын сүрөттөрүн чагылдырган видео тасма чыкты. Кадр сыртындагы Готонуку деп болжолдонгон үн “эгер Иордания бийлиги камактагы ирак жараны Сажида ар-Ришавини бошотушпаса, алар 24 саат ичинде жок болорун” айткан.

Сажида ар-Ришави теракт уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалган, “ал-Каида” уюмунун мүчөсү деп шектелген ирактык аял.

XS
SM
MD
LG