Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Грек банктары өз капиталынын төрттөн бирин жоготту


Буга Грециянын жаңы премьер-министри Алексис Ципрастын бүгүнкү билдирүүсү себеп болду. Анда грек премьери Афина Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору менен мамилени бузууну каалабай турганын, бирок мындан ары бул уюмдарга баш ийбесин билдирген.

Ошондой эле 28-январда жаңы куралган өкмөттүн жыйынында сүйлөгөн Алексис Ципрас өлкө дефолтко туш болбой турганын айтып, Евробиримдиктеги өнөктөштөрү менен сүйлөшөрүн кошумчалаган.

Грек премьеринин бул билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн баалуу кагаздарынын баасы 8,5 пайызга чейин төмөндөп кетти. Ал эми Улуттук банктын акциялары кескин төмөндөп, 27,2 пайызга түштү. 40 жаштагы Алексис Ципрас жетектеген солчул СИРИЗА партиясы жекшембидеги парламенттик шайлоодо жеңип чыккан эле.

XS
SM
MD
LG