Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Муфтият ислам дини эмдөө алууга уруксат берерин билдирди


Дарыгерлер жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү зарыл экенин айтышат.
Дарыгерлер жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү зарыл экенин айтышат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шарият ымыркайга эмдөө алууга каршы эместиги тууралуу билдирүү таратты.

“Ислам дини ден соолукка коркунуч туудура турган зыяндардан сак болууга жана ар бир дартка тиешелүү дары-дармектерди алууга каршы эмес”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда медицина кызматкерлери жарандарга вакциналардын сертификаты, кайсыл илдетке каршы экени, сакталуу мөөнөтү жана каерден алынганы жөнүндө так маалымат берүүгө милдеттүү экени белгиленген.

Республикалык Иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар учурда 6000ден ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG