Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жолдубаева башкы прокурорлукка дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Индира Жолдубаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Жогорку Кеңеш кечээ Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоп берген. Ал эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, бардык ишти мыйзам чегинде алып барарын, эч кимдин буйругун аткарбай тургангын айткан.

Буга чейин Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп турган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев көрсөткөн. Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз каалоосунун негизинде 22-январда жумуштан алынган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG