Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

ИМ тобу Пакистан жана Ооганстан боюнча колбашчысын дайындады


“Ислам мамлекети” тобунун өкүлү Twitter социалдык түйүнү аркылуу жарыялагандай, алар Пакистан жана Ооганстан боюнча колбашчылыкка “Техрик-и-Талибан” кыймылынан Хафиз Саид Ханды дайындашты. Бул кабардын чын-төгүнү азырынча башка булактар тарабынан ырастала элек.

“Техрик-и-Талибан” Пакистанда согушкерлердин бир нече тобунун башын бириктирген уюм. Анын “Ислам мамлекети” тобунун аймактагы согушкерлерин башкаруу үчүн дайындалган өкүлү Хафиз Саид Хандын жашы 40тын тегерегинде экени айтылууда.

Пакистан жана Ооганстан боюнча колбашчынын дайындалуусу Пакистандагы талибдердин лидерлеринин бир нечеси жакында ИМ тобунун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдадиге баш ийишерин жарыялаган соң болуп отурат. (UE)

XS
SM
MD
LG