Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Күзөт агенттигинин башчысын өлтүрүүгө шектүүлөр аныкталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Бишкекте “Дельта-Восток” аттуу күзөт агенттигинин башчысын өлтүрүүгө шектүүлөр кимдер экени аныкталды. Кылмышка шектүүлөр Кыргызстан жана Казакстандын жарандарынан турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аталган кылмыштуу топ ири суммадагы каражатты ташыган фирмаларга куралдуу кол салууларды уюштуруп жүргөн.

Былтыр 23-сентябрда Бишкектеги “Дельта-Восток” аттуу күзөт агенттигинин башчысы өлтүрүлүп, эки кызматкери жараат алган. Белгисиз адамдар күзөт тобуна кол салып, алардын авто унаасындагы 1,5 миллион доллардан ашуун каражатты карактап кетишкен. Күзөт компания акчаны белгиленген жерге жеткирүү үчүн жалданган.

Кол салуудан кийин алар үй-бүлөсү менен өлкө аймагынан чыгып кеткен. Учурда шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланып, тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG