Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Крымда Межлистин төрага орун басары камалды


Ахтем Чийгоз
Ахтем Чийгоз

Орус бийликтери билдиргендей, Крым татарларынын Межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоз “массалык башаламандык” уюштурууга шектүү катары камалды.

Тергөө боюнча федералдык комитеттин маалыматына караганда, Чийгоздун камалышы былтыр февралда, Крымдын парламент имаратынын сыртында болгон кагылышуулар менен байланыштуу.

Крым татарлары жана украиначыл активисттер орусиячыл активисттер менен былтыр 26-февралда кагылышкан.

Мунун эртеси имаратты эч белгиси жок аскерий кийимчен куралчандар басып алып, кийинчерээк Крымдын парламенти Орусияга кошулуу үчүн добуш берген эле.

Ал эми былтыр марттагы референдумдан кийин Орусия Крымды биротоло аннексиялап алган.

Андан бери активисттердин, жамаат лидерлеринин, укук коргоочу топтордун ырастоосунда, Крым татарлары Орусиянын аннексиясына каршы турганы үчүн дискриминацияга, кысымга жана куугунтукка кабылып келет.(UE)

XS
SM
MD
LG