Кубанын президенти Рауль Кастро Коста-Рикадагы аймактык саммитте сүйлөп жатып, АКШдан Гуантанамо базасы турган жерди кайтарып берүүнү, ондогон жылдар мурда киргизилген соода эмбаргосун алып салууну, Кубаны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарууну талап кылды.
Кастро сөзүндө Вашингтон жана Гавана дипломатиялык мамилени калыбына келтирүү үстүнөн иштеп жатканын кошумчалоо менен ал көтөргөн маселелер чечилбесе мындай карым-катыштын маңызы жок болорун белгиледи.
Куба президенти жогорудагыдай талаптарды АКШнын акыркы 35 жылдагы эң жогорку даражалуу делегациясы Гаванага барып кеткенден бир жумадан кийин айтты.
АКШ жана Куба президенттери эки өлкө алака-катышын оңдоо багытында иш жүргүзөрүн былтыр 17-декабрда бир учурда жарыялашкан.
Президент Барак Обама өткөн аптада Конгрессти Кубага 1962-жылы киргизилген соода эмбаргосун алууга чакырган болчу.
АКШ менен Кубанын алакасы 1959-жылкы ыңкылапта бийликке Фидел Кастро келгенден кийин бузулган, 1961-жылы дипломатиялык мамиле үзүлгөн.
Ал эми Куба кайрып берүүнү талап кылып жаткан Гуантанамо базасы турган жер АКШга 1903-жылы ижарага берилген болчу. (UE)