Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Орусия камагындагы украин учкучу ооруканага которулду


Надежда Савченко Москванын сотунда. 7-ноябрь, 2014-жыл.
Надежда Савченко Москванын сотунда. 7-ноябрь, 2014-жыл.

Бул тууралуу Надежда Савченконун адвокаты билдирди. Адвокат Илья Новиковдун айтымында, декабрдын ортосунан бери ачкачылык кармап жаткан учкуч түрмөнүн ооруканасына саламаттыгына байланыштуу которулду.

Ачкачылыкты жети апта кармаган Савченко бул мезгил аралыгында бир топ салмагын жоготкон. Украин армиясынын учкучу орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыпталууда.

Савченко Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер тарабынан былтыр июнда кармалып, Орусияга июлда өткөрүлүп берилген.

Бирок учкуч Орусиянын аны кармоого жана соттоого укугу жок деп санайт.

Былтыр октябрда Савченко украин парламентинин депутаттыгына шайланган, ага катар Украинанын атынан Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕнин мүчөлүгүнө өткөн.

Расмий Киев, ПАСЕнин жетекчилиги жана Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияны Савченкону бошотууга бир нече ирет чакырган.(UE)

XS
SM
MD
LG