Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Египет: “Ислам мамлекети” тобунун чабуулу 26 адамдын өмүрүн алды


Египеттин Синай жарым аралындагы Ал-Ариш, Шейх Зувайд, жана Газа менен чектеш Рафах шаарларындагы аскер бөлүктөрүнө жасалган чабуулдардан 26 киши көз жумду. Алардын көбү аскерлер. Дагы 60 адам жаракат алды.

Бийликтин маалыматына ылайык, алгач брондолгон унаа аскер базасынын жанында жарылган. Андан соң ондон ашуун көзөмөл-өткөрүү пункттарына минометтон от ачылган.

Окуяга жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ өзүнө алды. Топтун Египеттеги мүчөсү Ансар Бейт ал-Макдис твиттерге “бир эле учурда бир канча шаарда ири соккулар” жасалганын жазды. Ал-Макдис “Ислам мамлекети” тобуна кызмат кылуу үчүн өткөн жылы ант берген.

XS
SM
MD
LG