Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Эски патенттин мөөнөтү бүткөн мигранттарга Орусияда жүрүүгө 30 күн берилет


Орусияда курулушта иштеген мигранттар
Орусияда курулушта иштеген мигранттар

2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда ишке кирген мыйзам боюнча жаңы үлгүдөгү патент алууга 2014-жылы берилген патенттин мөөнөтү бүткөндөн кийин кошумча 30 күн берилет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" маалымдады.

Мындай жеңилдик чет элдик мигранттарга Орусиянын аймагынан чыкпай, мыйзам бузбай жүрүп, жаңы патент алууга мүмкүнчүлүк берет.

1-январдан тарта Орусияда чет элдик эмгек мигранттарына квота системасы жоюлуп, патенттик негизде гана жумушка алуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. 2014-жылы берилген патенттер декабрда төлөнгөн аванстык төлөмүнө жараша ушул жылдын мартына чейин гана жарактуу. (LaT)

XS
SM
MD
LG