Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Украина: жикчилдер Минск сүйлөшүүсү болбой калганын айтууда


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер бүгүн Беларустун баш калаасында өтөт деп күтүлгөн көп тараптуу сүйлөшүү кийинкиге калганын маалымдашты.

Украинанын Донецк облусунун аймактарын көзөмөлдөп турган жикчилдердин өкүлү Денис Пушилин Минскиден Москвага кетип жаткандыгын билдирди. Беларустун Тышкы иштер министрлиги кечээ 30-январда Минскиде жикчилдердин өкүлдөрү, Украина, Орусия жана ЕККУнун ортосунда жаңы сүйлөшүү болорун кабарлаган эле.

Өткөн сентябрда убактылуу элдешүү келишимине кол коюлгандан бери жикчилдер украин аскерлерин жүздөгөн километрге артка чегиндирген. Пушилин Украина азыркы Майдан тилкесине макул болсо гана элдешүү мүмкүн экенин кошумчалады. Ошол эле убакта ал эгер украин аскерлери чабуулга өтсө, жикчилдер дагы жаңы аймактарды басып аларын эскертти.

XS
SM
MD
LG