Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Transparency International уюмунун Москвадагы бөлүмүн прокуратура текшерди


Бул тууралуу аталган уюмдун Москвадагы бөлүмүнүн маалымат катчысы Глеб Гавриш билдирди. Анын айтымында, прокуратуранын өкүлдөрү уюмдун кеңсесин тинтүү үчүн эмес, текшерүүгө келишкен.

Көзөмөл органынын өкүлдөрү 2-февралга чейин айрым документтерди көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар муну чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдын иштеп баштаганы менен байланыштырууда.

- Прокуратура донорлор менен болгон келишимдерди, маалымат каражаттарына чыккан кайрылууларды жана чыгымдардын отчетторун талап кылууда. Биздин иш кагаздардын баары англис тилинде. Алар дүйшөмбүгө чейин 50 барак документти орусчага которууну талап кылып жатышат, - деди Гавриш.

Жума күнү Орусиядагы укук коргоочу уюмдун ардагери, “Жарандык көмөктөштүк” комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина прокуратура анын да кеңсесин текшерүүгө алып, айрым документтерди талап кылып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG