Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Минскиде Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүү өтүүдө


Минскидеги Украина боюнча сүйлөшүү
Минскидеги Украина боюнча сүйлөшүү

Беларус борбору Минскиде Украина чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча үч тараптуу жыйын өтүүдө. Сүйлөшүүгө Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма, Украинадагы Орусиянын элчиси Михаил Зурабов, ЕККУнун атайын өкүлү Хайди Тальявини жана Донецк менен Луганскты “элдик республика” деп жарыялагандардын башында турган Денис Пушилин менен Владислав Дейнега катышууда.

Буга чейин ЕККУ үч тараптуу байланыш тобу Украина чыгышындагы абалды жөнгө салуу үчүн жаңы документ даярдаганын жана ага бүгүн Минскиде кол коюларына үмүттөнөрүн билдирген. Документте 2014-жылы сентябрда кабыл алынган келишимдеги: ок атышпоо жана Донбасстагы калктуу аймактардан аскердик техникаларды чыгарып кетүү пункттары да камтылган.

XS
SM
MD
LG