Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна 3 млрд. рубль керек


Бул тууралуу кечээ өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Нарынга болгон сапарында айтылды. “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасынын өкүлү Игорь Горбенконун айтымында, ГЭС каскаддарынын эки бетон заводунун курулушу мартта башталат.

- Азыр майга чейинки курулуштарга 1 млрд. рубль бар. Дарыянын нугун буруп, тосмо курууга 2 млрд. рубль керек. Каражат убагында бөлүнсө, курулуш иштери план боюнча жүрөт.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы куруп жатат. Долбоорду толугу менен орус өкмөтү каржылайт. (UEz)

XS
SM
MD
LG