Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Ош аэропортунда акча карактагандардын аты-жөнү коомчулукка жарыяланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, карактоого шектелген үч жарандын аты-жөнү 3-февралда коомчулукка жарыяланат.

Буга чейин ИИМ аэропорттогу ири суммадагы акчанын каракталышына шектүү катары үч адам кармалганын айтып, алардын ким экендигин сыр бойдон калтырган.

2014-жылдын 27-декабрында күндүзгү саат 11лерде “Спецназ” деген жазуусу бар кийимчен куралдуу 5 адам Ош аэропортунун VIP залынан 5 млн. 679 миң долларды карактап кетишкен. Расмий эмес маалыматтарда уурдалган акчанын суммасы 13 млн. доллар жана карактоого айрым саясатчылардын тиешеси болушу мүмкүн экени айтылууда. (YI)

XS
SM
MD
LG