Бүгүн өтчү баш байге үчүн “Барчын” (Миң-Куш) менен “Жумгал шортон” (Чаек) командалары беттешет. 3-орун үчүн Нарын шаарынын “Дордой Ала-Тоо” жана Кочкор районунун “Ормон хан” командалары беттешип, 2:1 эсебинде нарындык хоккейчилер жеңишке жетишти. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди
Мелдешке Жумгал, Кочкор райондорунан жана Нарын, Чолпон-Ата шаарларынан 7 команда катышты. Тайпалык мелдештен кийин “Байзак”, “Нуралы аке” (Нарын, Кызыл Жылдыз айылы) жана "Чолпон-Ата" командалары тийиштүү упай топтой албай мелдештерин токтотушкан.
Турнирдин байге фонду 300 миң сомду түзөт. 1-орунга 50 миң, 2-орунга 30 миң, 3-орунга 20 миң, 4-орунга 10 миң сом акчалай байге ыйгарылат. (ECh)