Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Кытай ишкерлери Тажикстанга кете баштады


Кара-Балта шаарынын жанындагы кытай ишкерлери салган "Жунда" мунай заводу
Кара-Балта шаарынын жанындагы кытай ишкерлери салган "Жунда" мунай заводу

Эл аралык басма сөзгө баяндама (26-январь-2-февраль).

Кытай инвесторлору Кыргызстанды таштап, Тажикстанга кетип жатканын EuroasiaNet басылмасындагы макаласында Борбор Азия боюнча аналитик Крис Риклтон жазып чыкты. 2014-жылы Тажикстанда цемент өндүрүү жана алтын казуу иши мурдагы жылдарга салыштырмалуу 25 процентке жогорулаган. Ошол эле кезде автор кыргыз экономикасы үчүн маанилүү роль ойногон кытай инвестициясы 2014-жылдын алгачкы үч айында эле Кыргызстанда 35 процентке азайганын белгилеген.

“Кытай ишкерлери Кыргызстандагы эки фактордон улам кетип жатат: биринчиси - өлкөдөгү олку-солку саясий абал болсо, экинчиси - расмий Бишкектин Кремл башында турган Евразия экономикалык биримдикке кошулуусу. Акыркы жылдары Кытайдын Тажикстандагы долбоорлору Кыргызстандагыга караганда ийгиликтүү жүрүүдө. Мисалы, Zijin Mining Group аттуу алтын казуучу компаниянын эки өлкөдө теӊ өкүлчүлүгү бар. 2014-жылы бул ишкананын Тажикстанда казган алтыны жалпы алтындын 70 процентине барабар болгон.

Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк кенин иштеткен Кытайдын “Алтынкен” компаниясы.
Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк кенин иштеткен Кытайдын “Алтынкен” компаниясы.

Бирок ушул эле компаниянын Кыргызстандын Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги өкүлчүлүгүндө 2011-жылдан бери көйгөйлөр бүтпөй келет. 2012-жылы кытай ишкерлери жергиликтүү тургундар менен болгон чатактан кийин 250 жумушчусун
көчүрүүгө аргасыз болгон. Кен казуу азыр да толук кандуу баштала элек”, - деп жазат Риклтон.

Чөлкөмдөгү абалды изилдеген Вашингтондогу IHS Country Risk борборунун аналитиги Александр Меликишвили: “Кытай инвесторлору Тажикстанга толугу менен кетип калат деп айтуу эрте, Бээжин Тажикстан менен кызматташтыкты жаӊы эле баштады. Ал эми Кыргызстанга Кытай узак убакыттан бери инвестиция жасап келатат. Ошентсе да акыркы мезгилде алардын кыргыз өндүрүшүнө кызыгуусу солгундап бараткандай”, - деп эсептейт.

"Орусиядагы каржылык кризис бул эки өлкөнүн экономикасына чоӊ сокку уруп, андан кутулуунун жалгыз жолу Кытайдан инвестиция тартуу эле. Тажикстан Кытайга 2,1 миллиард доллар карыз. Кыргызстандын бул кошунасына карызы болсо 1 миллиард доллардан ашты" деп жазган Крис Риклтон.

Эрдоган: Британиядай болушубуз керек

"Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын өнүгүү жолун Улуу Британияныкындай кылуу керектигин айтты" деп кабарлайт The Telegraph гезити.

Эрдоган мамлекеттик ТРТ каналында сүйлөп жатып, “Менин оюмча, ал тургай Британия да жарым-жартылай президенттик өлкө жана бийликтин басымдуу бөлүгү ханышада”, - деген. Ал эми The Guardian гезити: “Түркиядагы адам укугу жана демократия Эрдоган президент болуп, АК партиясы бийликте тургандан бери аябай чектелип бара жатат. Анын акыркы сөзүндө бийликти мүмкүн болушунча борбордоштуруу менен улутту күчтөндүрүүгө болот деген идея жатат. Акыркы сурамжылоодо түрктөрдүн 42,2 % президенттик системаны колдобой турганы аныкталган”, - деп жазган.

Украин кыздар Кытайга келин болобу?

Кытайда аялдарга караганда эркектердин саны көп болгондугунан улам бойдок жигиттер көбөйүүдө. "34 миллион бойдок эркек өлкөгө олуттуу демографиялык көйгөй болууда" деп жазат Foreign Policy журналы. Абалдан чыгуу үчүн кытай эркектери Украинадан келинчек издесе туура болчудай деген сунуш Кытайдагы мамлекеттик Beijing News гезитинде чыккан. Азыр Кытайда ар бир төрөлгөн 100 кызга 115 эркек бала туура келет.

АКШда аялдар мечити ачылды

"Лос Анжелесте аялдар гана кире ала турган мечит ачылды" деп маалымдайт The Wall Street Journal басылмасы. 29 жаштагы Хазна Мазнави жана 31 жаштагы Сана Мутталиб аттуу мусулман аялдар жалпы мечиттерге ибадат кылганы барышканда аялдарды өзүнчө бөлүп жиберүүдөн улам кыз-келиндер гана кирип, ибадат кылчу мечит ачышкан. Ал мечитте аялдар алгачкы жума намазын окушту. Лос Анжелестеги бул мечитте эми мындан ары жума намаздарына аял киши имамдык кылмакчы. "Буга чейин аялдар үчүн өзүнчө мечит Кытайда гана бар болчу" дейт The Wall Street Journal.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG