2-февралда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3;
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2;
Ош, Жалал-Абадда -2...-7, күндүз -2...+3;
Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...-7;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -13...-18.
Бишкекте 2-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° жылуу болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус, күндүз 0...2 градус болот.