Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Жапония ИМге каршы күрөшкөн өлкөлөргө колдоосун күчөтөт


Жапония “Ислам мамлекети” радикал тобу интернетке жарыялаган видео тасмага кабатырлануусун билдирди. Өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ Жапония террористтерге багынбасын, тескерисинче “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүп жаткан өлкөлөргө колдоосун күчөтөрүн билдирди.

АКШ президенти Барак Обама жапон журналистинин өлүмүн кара санатай мыкаачылык деп атап, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууну колдогон жапон өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Бүгүн “Ислам мамлекети” радикал тобу интернетке видео тасма жайгаштырып, андагы өлтүрүлгөн адам жапон журналисти Кэндзи Гото экенин билдирген.

Кэндзи Гото 1967-жылы туулган. Ал видеожурналист катары белгилүү, 1996-жылы Independent Press аттуу жеке продюсердик компания ачкан. Гото 2014-жылдын октябрында барымтага алынган. Ал ошол учурда жарым жыл мурда барымтага алынган Юкавуну бошотуу үчүн Сирияга барган.

XS
SM
MD
LG