Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатын жеңди

Новак Жокович (Djokovic).
Новак Жокович (Djokovic).

Сербиялык Новак Жокович (Djokovic) 5-жолу теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионатын жеңди. Финалда дүйнөнүн биринчи ракеткасы британиялык Энди Мөррейди 4 сетте утуп алды.

Буга чейин эки теннисчи бул турнирдин финалында 2011-жылы жана 2013-жылы беттешип, эки ирет тең Жокович жеңген.

Оюн жүрүп жаткан учурда Австралиянын качкындар боюнча саясатына нааразылыгын билдирген бир киши теннис кортуна чуркап чыгып, коопсуздук кызматкерлерине кийлигишүүгө туура келди.

31-январда "Чоң туулга" тобуна кирген турнирдин аялдар арасындагы финалында америкалык Серена Уильямс айым орусиялык Мария Шарапованы жеңген.

 

XS
SM
MD
LG