Жолдун Бейше-Булак участкасында (313-км) тоодон кулап, каттамды токтотуп койгон таштар тазаланып, жол бир тарапка ачылды. Адистер аскадан дагы таш кулоо коркунучу бар экенин эскертип жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кооптуу аймактарды мекеменин мониторинг департаментинин адистери бүгүн барып текшерип, корутунду чыгарат.
1-февраль күнү кечки саат алтыга жакын тоодон кулаган таштын көлөмү 1200 куб метр экени айтылган. Жабырлануучулар жок. Окуядан улам унаа тыгыны пайда болуп, жолдо калган жарандарга жылынып алуу үчүн атайын көчмө пункттар уюштурулган.
Тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Унаа жана байланыш министрлигинин адистери жүргүздү. (SE)