Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Шыкмаматов Нарымбаевден кечирим суроодон баш тартты


Алмамбет Шыкмаматов жана Данияр Нарымбаев
Алмамбет Шыкмаматов жана Данияр Нарымбаев

Жогорку Кеңештин коалициялык кеңеши Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовго болгон доосун кароодо. Нарымбаев бул маселени талкууга алып чыгуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен кеңешкенин билдирди. Ал жыйында Шыкмаматов жалган маалымат берген деп коомчулуктун алдында кечирим суроосун талап кылды. Юстиция министри кечирим суроодон баш тартты.

Шыкмаматов жергиликтүү ММКнын биринин өкүлү менен Аида Салянованын отставкасы тууралуу жеке мүнөздөгү сүйлөшүүдө эмки баш прокурор Данияр Нарымбаев болушу ыктымал деген божомолун билдирген. Бирок министрдин айтымында, ал журналист “Шыкмаматов Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде Салянова кызматтан кетти деп айтты”,- деп ал бейрасмий сүйлөшүүнүн мазмунун бурмалап, гезитке жарыялап жиберген. Бул коалициялык кеңештин беш жылдан бери өткөн биринчи жыйыны. Буга чейин чек ара, газ, сот реформасы боюнча отурум кворум жоктугунан болбой калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG