Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Жанар Акаев президенттин пресс-катчылыгына дайындалды


Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, “Азаттык+”, кийин “Ыңгайсыз суроолор” берүүлөрүнүн алып баруучусу Жанар Акаев президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Жанар Акаев 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. “Азаттык” радиосунда 2008-жылдан бери иштейт. Соңку учурда “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү аркылуу Канжар Кадыралиев, крим төбөл атыккан Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу иликтөө матералдары коомчулукта чоң талкуу жараткан. Коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Прогрессивдүү демилгелер фондунун “Акыл-Тирек”, Мелис Эшимканов атындагы фонддун “Курч калем” сыйлыгын алган, бир нече жолу “Жылдын мыкты алып баруучусу” аталган.

Президенттин буга чейинки маалымат катчысы Кадыр Токтогулов АКШга элчи болуп кеткени белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG