Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Түптө почта башчысы кызматынан кыянат пайдаланганы аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, милициянын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү учурунда Талды-Суу айылдык почтасынын филиалынын башчысы эки пенсионердин пенсиясын өзүнө ыйгарып алганы аныкталды.

Текшерүү учурунда 43 жаштагы почта башчысы Талды-Суу айылынын эки тургунун 2014-жылдын ноябрь-декабрь айындагы пенсияларына өзү кол коюп, акчасын өзүнө ыйгарып алганы белгилүү болду.

Учурда бул боюнча атайын текшерүү иштери жүрүүдө. (МК)

XS
SM
MD
LG