Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Тажик жаранын сабаган орусиялык офицердин иши тергелүүдө

Тажикстан -- Орусиянын 2001-аскердик базасынын жоокери.
Тажикстан -- Орусиянын 2001-аскердик базасынын жоокери.

Тажикстандын прокуратурасынын өкүлү “Азаттык” радиосуна 2-февралда билдиришинче, Орусиянын Кулябдагы 2001-аскер базасынын Чемизов деген капитаны өткөн аптада шаардагы бир ресторандын официантын катуу сабап салган деп шектелүүдө.

Былтыр жайында Душамбедеги 2001-аскер базасынын эки кызматкери Рахимжон Тешебаев деген жергиликтүү жаранды өлтүрүп койгон деп шектелип, камакка алынган. Алардын иши дале тергөөдө.

Тажикстандын үч жеринде жайгашкан орусиялык базада бардыгы 7 миңдей аскер жайгашкан.

Экс-советтик республикалардын ичинен Арменияда Орусиянын эң чоң аскер базасы бар. Армениядагы базанын жоокери өткөн айда бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Кандуу окуя өлкөдө нааразылыктарды жараткан.

XS
SM
MD
LG