Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, Сириядагы согуштук аракеттерге 200дөн ашуун киши катышып жүрөт. Алардын 30у аялдар. ИИМдин өкүлү бул багытта иш күчөтүлүп, жер-жерлерде алдын алуу иштери жүрүп жатканын да кошумчалады.
Маалыматка караганда, согушка аттангандардын айрымдары радикал көз караш менен, кээ бирлери бирөөлөрдүн тузагына илинип барышкан. (КЕ)