Түркмөнстанда улуттук валюта манат болочокто дагы арзандайт деген күбүр-шыбырдан улам көпчүлүк АКШ долларын сатып алганга умтулууда. 2-февралда “Азаттыктын” кабарчысы Мары шаарындагы сарапканаларда доллар сатып алуу үчүн узун кезек күткөн кардарларды көргөн.
Жыл башында Түркмөнстандын Улуттук банкы манатты АКШ долларына салыштырмалуу 18 процентке арзандатып, газды жана бензинди бир кыйла кымбаттаткан. 1-январдан тарта өлкөдө 1 доллар 3, 50 манатка алмаштырылып калган. 2009-жылы Улуттук банк орноткон курс боюнча, 1 доллар 2, 85 манатка барабар эле.